SIM карта жана батареяны салыңыз
Бул телефон BL-5C батерейкасы менен гана иштетүүгө болот. Дайыма, накта
Nokia батарейкасын колдонуңуз.
Эгерде бир эле SIM картаңыз болсо, картаны SIM карта ички кармагычына
кыстарыңыз.
1 Телефонуңуздун түбүндөгү оюкка сөөмөйүңүздү салып, капкакты акырын
көтөрүп, чечиңиз (1).
2 Кыстарылган батарейканы көтөрүп, аны алып чыгыңыз.
3 SIM карта кармагычын ачып (2), жана SIM картаны кыстарыңыз (3). Картанын
тийишүүчү бөлүктөрү ылдый карап турганын текшериңиз.
4
Батарейканын жана батарейка уячадагы контакттарын тууралап, жана
батарейканы жаткызыңыз (4). Арткы жапкычты ордуна коюуга, үстүндөгү
бекитчү тиштерин уячалары көздөй каратып (5), жана жапкыч ордуна батканга
чейин басыңыз (6).
8
Баштоо