Nokia X2 02 - FM берүүчү жөнүндө

background image

FM берүүчү жөнүндө
FM берүүчү менен сизге унаа үналгысы же үйдөгү стерео системасы сыяктуу туура

келген FM кабылдоочуну пайдаланып, телефонуңуздагы обондорду ойнотууга

болот.

Эскертүү: Кээ бир өлкөлөрдө FM өткөргүчүн колдонуу чектелген болушу

мүмкүн. Көбүрөөк маалымат үчүн, жергиликтүү бийлигиңиз менен байланышыңыз

жана www.nokia.com/fmtransmitter барагына өтүңүз.

FM берүүчүнүн 3 метр (10 фут) чейин аралыкта иштөөчү кудурети бар. Берүү

дубалдар, башка электрондук аспаптар же коомдук үналгы станциялар

аркасынан чыккан тоскоолдуктарга сезгич. FM берүүчү ошол эле жыштыкта

иштеген жакынкы FM кабылдоочторго тоскоолдук жаратышы ыктымал.

Тоскоолдуктан кутулууга, FM берүүчүнү пайдалануудан мурда кабылдоочтон

дайым ээн жыштыкты издеңиз.

Берүүчүнүн иштөө жыштыгы 88.1 менен 107.9 МГц ортосунан орун алат.

FM берүүчүнү гарнитура же TV-out зымы туташтырылган кезде пайдаланууга

болбойт.