Nokia X2 02 - Батарея жана заряддагыч түзүлүш жөнүндө маалымат

background image

Батарея жана заряддагыч түзүлүш жөнүндө маалымат
Аспабыңыз, BL-5C кайра заряддалуучу батарея менен иштетилиши керек. Nokia бул аппаратка ылайыкталган

батарейканын дагы кошумча модельдерин чыгарышы мүмкүн. Дайыма, накта Nokia батарейкасын колдонуңуз.

Бул аппарат төмөнкү заряддоо түзүлүштөрдөн зарядын толуктандырып иштетүүгө бекитилген: AC-3 . Туура Nokia

заряддагыч моделинин номери, анын штепселинин түрүнө жараша өзгөрөт жана алар кийинки тамгалар аркылуу

аныкталат: E, X, AR, U, A, C, K, же B.

Батарея жүздөгөн жолу кайра заряддалышы мүмкүн, бирок акыры анын иштөө ресурсу түгөнөт. Эгер күтүү жана

сүйлөшүү режимдеринин убактысы демейдегиден байкаларлык кыскарган учурда батареяны алмаштырыңыз.